сєз атасы єлбєсїн

Сөз атасы өлбөсүн:

Ойноп сїйлєсєў да, ойлоп сїйлє: Жириновскийдин позициясы – Россиянын позициясы

Кадырман калайык-калк. Кыргыздар!

Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты, вице-спикери, ЛДПР фракциясынын “катта кожоюну”, Россиянын ээнооз эрке талтаңы, Владимир Вольфович Жириновский деген каймана атка жамынган Эйдельштейндин Кыргызстандын Россия Федерациясына болгон арзыбаган карызы үчүн (а чындыгында ким кимге канча карыз экенин тактачу мезгил дагы да алдыда) ар бир кыргыздын кан-жаны менен бирдей болгон Ысык-Көлдү Кыргызстан Россияга берсин деп оомуроолоп турушу канымды кайнатып, ыйыгыма тийип ушул кайрылууну жасоого аргасыз кылып отурат.

Кыргыздар!!!

Кыргыздын бир гана Атамекени бар. Ал – Кыргызстан. Кыргызстан – ата-бабалардын сөөгү жаткан, каны төгүлгөн, Ата арбагы жүргөн касиеттүү жер. Кыргызстан – карманар тообуз, таянар түркүгүбүз. Анда биздин киндик каныбыз тамган, ал биздин энелердин бешик ырын, аталардын нускасын, насаатын уккан, балалык күлкүлөрүбүз калган ыйык ата конушубуз. Атажуртту көздүн карегиндей сактоо, коргоо – ата-бабалардын атадан балага, муундан муунга калтырган осуятында айтылгандай, ал ар бирибиздин парызыбыз, милдетибиз. Бул атадан балага, муундан-муунга кала турган озуйпа, милдет. Бул жер үчүн аталар башын канжыгага байлап салгылашкан. Атажурттун бейиштин төрүндөй жерлерин мындай коёлу, а түгүл тикендүү талаасынын, какыраган сайынын да баасы жок, куну-наркы жок. Деле Атажурт биз кыргыздар үчүн ыйыктын ыйыгы, ошон үчүн анын баасы жок дегеним.  Эгер керек болсо, биз да атамекенибиздин, ата конушубуздун бүтүндүгү, элибиздин амандыгы үчүн кан-жаныбызды, өмүрүбүздү да беришибиз керек. Чөгөлөп жашаганча, какайып жүрүп өлгөн артык!

Кыргыздар!

Биз Манастын элибиз. “Манастын эли”  болуу эч нерсе менен ченелбей турган эбегейсиз оор озуйпа. Оор жүк. “Манастын эли”  болуу ар бир элдин эле пешенесине жазылган эмес. “Манастын эли” деген ыйык атка татыктуу бололу. Биз, кыргыздар иралды өзүбүз: баарыбыз жана ар бирибиз “Манастын эли” тууралуу, эл тууралуу кесир сүйлөөгө акыбыз жок. Өз элибизди жамандоого, өз элибиз тууралуу кыяпат да, кыянат да сүйлөөгө, өз элибизге чыккынчылык кылууга укугубуз жок. Менин кыргыз баласы катары биерде айтаарым эмне, дээрим эмне?

Тиги Жириновский жана ага окшогондор эмне деп былжырап келишет, былжырап жатышат, аны баарыбыз уктук да. Андай болгондо, айланайын элим, кыргыздар бири-бириңерди сыйлагыла: улууга урмат, кичүүгө ызаат. Бири-бириңерге арка-жөлөк, аскар бел болуп сүйөгүлө. Жамандыгыңарды жашырып, жакшылыгыңарды ашыргыла. Күч бирдикте. Ошондо гана өсүп-өнөбүз.  Башка элдер менен тең ата сүйлөшөбүз. Тагдырдын жазмышы менен акыркы 22 жылда жер бетине чачырап кеттик, бул да тагдыр, чайпалсак да төгүлбөйлү, кетилсек да сынбайлы. Көптөгөн элдер жер бетинен дайын отсуз жок болуп кетишти.  Алар эмне үчүн жер бетинен жоголуп кеткени бассак-турсак, эсибизде болсун. Мейли өз ата конушубузда болобузбу, мейли кай жерди мекендеп, кайсы элдин тузун татып, нанын жебейли, бар бололу, бир бололу. Бири-бирибизди кыртышыбыз сүйбөй, көрөйүн деген көзүбүз жок болсо да, алдуубуз алсызыбызды боорубузга тартып, тыңыраагыбыз чабалыбызды колдоп-таяйлы, бири-бирибиздин жеңилибизди жерден, оорубузду колдон алалы.

Кыргыздар!!! Бүгүн өтө татаал мезгилде жашап жатабыз. Кыргызда “бир көзүң бир көзүңө душман” деген кеп бар. Бүгүн дүйнөдө мына ошондой алкеш-чалкеш, оомал-төкмөл мезгил келип турат. Бизди тебелеп кетели дегендер канчалык көп экенин баарыбыз көрүп-билип турабыз. Кайнаса каны кошулбагандарды айтпай эле коеюн, бир элбиз, бир журтпуз дегендер эле акыркы жылдарда бизге тишин көрсөтүп, колдон келген жамандыктарын аяган жок го. 1932-жылкы ачарчылыкта биз калканч болуп жанын алып калган казактар – бизден Каркыраны “тартууга” алып койгонун айтсак жетиштүү болор.

Кыргызстан баарынын көзүн кызартып, канткенде кыргыздарды тукум курут кылып кырып, канткенде бейиштей болгон жерге ээлик кылабыз дегенде эки көзү төрт. Анткени, Манастын жери ыйык, касиеттүү жер экенин, бул жерде жашаган эл бактылуу эл экенин,  ким бул жерде жашаса курсагы ач болсо да бактылуу болорун баары түшүнөт жана билишет. Талаш жок, ар кимге ата конушу Мисир. Ошентсе да, ыйыктын да ыйыгы, бийиктин да бийиги бар. Анынсыўарындай, жер бетинде Кыргызстандай касиеттүү, ыйык жер жок. Бул талашсыз нерсе. Бейиштей жерде жашаганыбызды биз, кыргыздар өзүбүз гана билгибиз келбей, түшүнбөй, өз жерибизди өзүбүз гана барктап-баалай албай келебиз. Дүйнөнүн алдуу-күчтүүлөрү Кыргызстанга көзүн кызартып жатканы мына ошондон улам. Карапайым элде эмне айып, Кыргызстандын касиеттүү жер экенин, биздин кемпай саясатчылар түшүнгөн жок. Түшүнө да албайт. Жараткан аларды ошентип кемпай кылып, жазалап койгон. Ошон үчүн алардын бир тарабы эки күндүн биринде элдин баарын дүрбөтүп, Акүйдүн алдында митинг өткөрүп, өздөрүн баатыр сезип жатыры. Аттигиниң де, аларга Жараткан акыл бербесе, эс бербесе, андайлар митингден башка эмнеге жарайт? Колунан эмне келет? Алардын болгон-билгени, акыл жеткени митинг. Мен митингичилерди эле жаман көрүп, бийликте отургандарды жактап жаткан жерим жок. Кыргыз “Керкисинде да, кемигинде да бар” деген. Бийликте отургандар деле жыргап калган жери жок. Алар антип митингге чыккандарды өзүнө душман эсептеп отуру. Бийлик сөрөйү да, оппозиция сөрөйү да өздөрүнө душман издеп, итаалынын балдарындай чурулдашып тытышып жатат. Минтип кыргыздар: бир атанын балдары бири-бири менен тирешип, бийлик талашып, байлык талашып бири-бирин душман көрүп отурганы Теңирге да жакпайт.

Кыргыздар! Эмне үчүн  Жириновский Ысык-Көлдү Кыргызстандын карызы үчүн Россиянын ээлигине алабыз деп билегин түрүнүп туру. Бул кесир, ээнооз сөзү үчүн Москвага барып, анын тумшугун талкалап коюш менин деле колумдан келет. Бирок, кеп анда эмес. Маселе, бул ээнооздун ириген оозу менен Кыргызстандын Россияга карызы үчүн Ысык-Көлдү алуу керек деп ким айттырып жатат, кеп ошондо жатат!

Кыргыздар, ойгонгула, ойлонгула!!! Мен иралды минтип биздин кемпай саясатчы сөрөйлөргө кайрылат элем. Оппозиция сөрөй Кумтөрдү бетине кармап, митинг өткөрүп жатат. Ээнооз, эмне дөөдүрөп жатканын өзү билбеген, же жөөттүгүнө салып билип туруп билмексен болгон Жириновский “Россиянын аласасы үчүн Ысык-Көлдү алыш керек” деп жатса, оозуна пок салып алгансып, биздин ар түрлүү мамлекеттик кызматтарды мыкчып олтурган атка минерлерибиздин унчукпаганына менин таңым бар. Эгер, Ысык-Көл Россиянын ээлигине кетсе, жер эле эмес, Ысык-Көлдүн эли да Россиянын ээлигине кетет да, же андай эмеспи? Ысык-Көл кетсе, Кумтөрүң да, Каркыраң да, Көл да, башкасы да баары кетет. Эмчектеги бала кетет. Аксакалын сүйрөгөн чал кетет. Эне кетет. Бир тууган кетет. Куда кетет. Келиндердин боюндагы көз жара элек наристелер кетет. Ушундай эмеспи?!

Мен таңгалдым. Кемпай Жириновскийдин сөзү биздин элдин “каймактарын”, “көзүрлөрүн”  ардантпайт экен. Аларга Кумтөр кызык экен. Кыргыз “Туулган жердин топурагы да алтын” деген. Анча эле алар мекенчил экен, эмнеге Жириновскийдин Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасында жасаган билдирүүсүнө карата митинг уюштурушпайт? Мен Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасында жасалган билдирүү – бул Россия мамлекетинин позициясы деп түшүнөм. Мамлекеттик думада ээнооз болобу, башкабы өз сөзүнө жооп берген адамдар отурат. Демек, бизге бүгүн Жириновский эмес, Россия өзү жооп берип, Жириновскийдин ээнооздугу үчүн кечирим сурашы керек. Эгер, Россия бизден кечирим сурабайбы, анда Жириновскийдин сөзү, позициясы Россиянын позициясы деп түшүнсө болот. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жириновскийдин билдирүүсү боюнча капкачан эле НОТА жибериш керек эле го?!. Же айланайын карапайым кыргызым мен туура эмес айтып жатамбы?! Тышкы иштер министринде отургандар оозуна талкан салып алгансып, унчукпай отурушат. Бул эмне деген жорук. Муну кандай түшүнсөк болот? Мен муну Кыргызстанга жана кыргыз элине жасалган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыккынчылыгы деп эсептейм? Мындай да, эгер сени бирөө сөксө, намысыңа тийсе, тестиер бала болсо да жок дегенде мурдун жара коет, а Жириновский деген неме Кыргызстандын, анын ичинде кыргыз элинин намысына тийип жатат, анан ошол ээнооз немеге жооп кыла албаса, бизге, Кыргыз Республикасына к=ръп туруп сокур, угуп туруп дъл=й болгон Тышкы иштер министрлигинин кереги барбы???

Мен таңгалам! Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты, вице-спикери, ЛДПР фракциясынын “катта кожоюну” Владимир Вольфович Жириновскийдин “Ысык-Көлдү Россиянын аласасы үчүн алыш керек” деген ээнооз сөзүн Россия Федерациясынын президенти В.В.Путин уккан жок, же ал сөз ага жеткен деп ойлойсуздарбы??? Маселен, мен антип ойлобойм. Ага, бир кездеги КГБда иштеген чекистке Россиядагы кыбыр эткен нерсенин баары жетип турат. Дегеле, Жириновский деген кемпай Путиндин унчукпаган макулдугусуз антип да айтмак эмес. Бул логикалык бүтүмдөн алганда, демек, Ысык-Көлгө Россия көзүн артып туру. Мунун арты жакшылыкка алпарбайт!

Эми Жириновский деген каймана атка жамынган Эйдельштейнге кайрылсам деп турам.  Эй сен, жөөт Жириновский бетпардаңды ач. Сен жөөтсүң, жөөттүн баласысың. Муну сен мойнуңа ал. Сен улуу орус элинин айкөлдүгүнөн, Россиянын СССР талкалагандан улам эсин жыя албай, эсеңгиреп турганынан пайдаланып, Россиянын эрке талтаңы, ээноозуна айланып, каалаган нерсеңи айтып, орус элинин да, башкалардын да жинине тийип болдуң. Башкасын айтпайм, Сенин 2013-жылдын 16-апрелдеги “СССР мезгилинде Россия Кыргызстанды баккан, Бишкек бир кезде кичинекей эле айыл болгон. Россиянын аласа акчасы үчүн Кыргызстан Ысык-Көлдү бизге бериши керек” деген жоопкерчиликсиз жана чагымчыл билдирүүңдөн соң, сенин акыл-эсиң ордундабы деген ой пайда болду менде. А чындыгында акыл-эсиң оордунда эле, болгону жөөттүгүңө салып чагымчылдык кылып жатасың. Көчөдөгү бирөө айтса, анда маселе жок эле. Сен Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты жана вице-спикери эмне деп дөөдүрөп турасың? Качан Россия Кыргызтанды бакты эле? Бакса Кыргызстан Россияны бакты. Москва эч качан Кыргызстанды баккан эмес. Тескерисинче, кыргыз эли сага окшогон тайраңбайларды баккан. Кыргызстанда багылган алты миллион койду Вольф Эйдельштейн деген жөөт баккан  эмес. Кыргыздар этин эттей, сүтүн сүттөй жөнөтүп, Россияны, анын ичинде Москваны, Ленинградды багып келген. Ленинградды Улуу Ата Мекендик согуштун тушунда блокададагы ачкачылыктан сактап калган да кыргыздар болгон. Же сен муну билбейсиңби, же билгиң келбейби?  Ленинградга, Москвага кыргыз коюнун чүйгүн этин Кыргызстан жөнөтүп турганын сен унуттуңбу? Муну бир деп тур.

Улуу Ата Мекендик согушта кыргыздын 100 миңден ашуун азаматы сендей жөөттөрдү фашизмден коргоп жатып сөөктөрү согуш талааларында калып кетти, далайынын сөөгү көмүлбөй калды, же сен муну да унуттуңбу ит жөөт. Муну эки  деп тур. Ошол эле ааламат согушта миңдеген орус, украин, белорус, жөөт улутундагылар Кыргызстанга эвакуацияланып келип, кыргыздын нанын жеп, тузун татып, суусун ичип, өлүп калбай, жан багып, аман калышты. Эй жөөттүн баласы, сен муну да унуттуңбу? Муну үч деп тур.

Айтпаса адамдын ачуусу келет. Жөөттөр ар качантан бир качан Вавилондо, Ассирияда, Египетте, Персияда, Римде, Византияда, Осман империясында кулчулукта жүргөн. Жөөттөр кулчулукта жүргөндө кыргыздардын гүлдөп өскөн “Улуу кыргыз каганаты” болгон. Биздин ата-бабалар кул тукум болгон эмес. Кул тукум – булар жөөттөр-еврейлер. Ошол атам замандан ушул заманга чейин жөөттөр кул тукумдугун жасап келишет. Еврейдин жүрбөгөн жери жок. Жашабаган жери жок. Өз оокатын кылып, тынч жашаса да, мейли десек болор эле, барган жеринде бир элди бөлүп-жарып, ушак ташып, сөз таратып, интриганын атасын окутуп жатпайбы. Жөөттөр кул болуп жүргөндө, кыргыздар улуу кошунасы Кытай мамлекети, Персия мамлекети менен элчи жиберип, тыгыз карым-катнашта болуп турган. Бул төрт.

Эгер, ошончо эле эсептеше турган болсок, бизде дооматтар жетиштүү. Мен ушерден Россия Федерациясынын президенти В.В.Путинге кайрылат элем. Качанкыга чейин Жириновскийге окшогондор Кыргызстан тууралуу ээнооз билдирүүлөрүн жасай берет? Владимир Владимирович, эгер сиз адилеттикти ойлосоңуз, анда тарыхка кайрылалы. Тарых тастыктап турат, Манас атабыз илгери Алтайды жердеген. Бүгүн бул жерлер Россиянын курамында. Алтайда жашаган элдер: алтайлыктар, хакастар, төбөйлөр, мундуздар, кутайлар, кушчулар  ж.б. элдер менен биз бир ата, бир энеден тараган элбиз. А Жириновский деген неме “Кыргызстан Россияга карыз, ошол аласасынын ордуна Россия Кыргызстандын Ысык-Көлүн алышы керек” деп дөөдүрөп туру. Анда, келгиле, Владимир Владимирович кимдин жери кайда экенин такташалы. Россия Федерациясынын территориясынын ажырагыс бөлүгү болгон Алтай абалтадан кыргыздардын жери болгон. Эне-Сай, Байкал, Хакас, Тува (Төбөй), Кызыл-Жар биздин жер эмей кимдин жери?  Орус падышалыгы Алтайды кантип багындырганы, тагыраагы кантип  баскынчылык кылып басып алганы, ал жерди жердеген элге кандай геноцид кылганы, мыкаачылык деп ушуну айт, курсагындагы баланы жарып алып мууздаганына чейин тарых барактарында ак-карасынан жазылып турат. Кимге ким төлөмөр экенин такташа турган мезгил али алдыда! Урматтуу Владимир Владимирович! Муну бир элдин бир элге карата жасаган геноциди деп коет. Европадан Америкага баргандар да жергиликтүү элге, индеецтерге мынчалык мыкаачылык жасаган эмес. Алтайда өлгөндөн калган кыргыздардын тукумдары бүгүн башкача аталып калышты, Кытайга кире качкан миллион кыргыздан бүгүн бир айыл эл калды. Алар Фу-йулук кыргыздар. Бул да тарых, кыргыздардын тарыхы. Жириновский болсо, кыргыздар Россияга карыз деп дөөдүрөп тур. Тумшугун жара койгон эч ким жок, өзүн баатыр сезип турат окшойт. Антип, Алтайыбыз Россияга кетти. Алтайда калган кыргыздар геноцид болуп, жок болду, калгандары жыргап кеткен жок. Кечээ эле, орус падышалыгынын шалаакылыгынан же жөөттөр “жардамдашкан-саясатынан” улам кыргыздын миңдеген чакырым жерлери Кытайга өтүп кетти. Жери менен кошо 200 миң эл Кытайда турат. Биз бүгүн кытайлык кыргыздар дейбиз. Бул кечээги эле 18-19-кылымдагы тарых. Буюрса, эртеби-кечпи бул маселеге да кайрылабыз, кайрылганда да катуу кайрылабыз, өзөктүү чын тарыхты жетелеп жүрүп кайрылабыз!

Жириновский оозуна келгенин оттоп дөөдүрөп туру. Мен Россияны, орус элин сыйлайм, анда кеп жок. Кеп Россиянын гражданы атанып, орустун тонун жамынып, нанын жеп, тузун татып, орус элинин атынан сүйлөгөн адамдарда.  Тээ 16-17-кылымдарды, алыскы Алтайды айтпаганда, орус падышалыгы 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылын кантип басканы, бейкүнөө куралсыз элди, кыргыздарды кантип кырганы ушу бүгүн эсибизде. Кыргыздар орус падышалыгынын кыргыз элине жасаган бул геноцидин унута элек. Унутпайт да. Эгер унутсак, эл болбой, адам болбой калганыбыз ошол. Мына ушул үчүн кыргыздар Россиядан кун сураса болор беле? Болмок! Бирок, сурай элекпиз.  Бул маселе эрте-кечпи күн тартибине кабыргасынан коюлат. Себеби, дүйнө жүзүндөгү саясат ошол багытта баратат. Эгер кыргыздын оппозиция сөрөйлөрү Жириновскийдин бул ээнооз билдирүүсү үчүн митингге чыгып, аны айыптаса бир мен эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли аларды колдомок, керек болсо, колуна көтөрүп алмак. Анткени, Владимир Владимирович, кыргыз намыстын кулу. Кыргыз намыс дегенде жанын берет. Өлсө өлөт, бирок, намысын бербейт. Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты, вице-спикери В.Жириновский Кыргызстандын Россияга болгон карызы үчүн Ысык-Көлдү сурап турганы бир гана менин эмес, бүтүндөй кыргыз элинин жинине тийип туру. Биз кул тукум эмеспиз, биз Манастын элибиз. Ысык-Көлдөй ыйык жерибизди Россияга бергенче, өлүп калганыбыз артык эмеспи. Же жанагы Жириновский деген неме кыргыз Үзөңгү-Куушту кытайларга берди, Каркыраны казактарга берди, эми Россияга Ысык-Көлдү берет дегендей дөөгүрсүп турабы? Анда ага айтып койуңуз Владимир Владимирович. Атасынын башы!!! Жириновскийдин өзүн эле эмес, андай журт бузарлардын миллионун он эле атчан кыргыз к=кб=ръ кылып тартып кетет. Ушуну унутпасын, Сиздин Мамдумаңызда отурган журт бузар жөөт!!!

Владимир Владимирович, Кыргыздар эч качан террорист болгон эмес. Болбойт да. Он кыргыз атчан тебелеп кетет десем, кыргыздар террористтик акты жасайт экен деп ойлобогула. Болгону, кыргыздар намыс ъчън башын канжыгага байлап коерун айтып койгум келип жатат. А терроризм деген эмне? Бул 20-кылымда палестиналык арабдарды тукум курут кыруу үчүн ойлонулуп табылган жөөттөрдүн айла-амалы. Алар “Иргун” аталган сионисттик уюмду ойлоп таап, элдерди бөлүп-жарып жана бузуп жатат. Муну мен ойлоп тапкан эмесмин, еврейлер ойлоп тапкан.

Фашизм дегенди да еврейлер ойлоп тапкан. Ал иврит тилинен которгондо, Фаши – уруу, улут деп которулат. Бул уруу-урууга бөлүп кыйратуу деген нерсе. Мен Россия эсеңгиреп, эсин жыя албай турат деп атпайымбы, анын себеби, Россияны ушул абалга, эсеңгиреген абалга апкелгендер еврейлер. Өткөн кылымдын 90-жылдарында Чубайс, Немцов, Егор Гайдарга окшогон еврейлер Россияны биринчилерден болуп талкалады. Анан менчиктештирүү жүрүп, Абрамович, Березовскийлер болуп, Россиянын кызарган, кирешелүү ишканаларынын, тармактарынын баарын еврейлер басып алды. Россиянын байлыгынын баары ушулардын колунда. Бул да эч нерсе эмес. Бүгүнкү күндө Россиядагы шоу-бизнестин баары жөөттөрдүн колунда. Ошол эле Кобзон, Алла Пугачева жөөттөр. Кинотармагын мыкчып, сөзү сөз болуп турган Сергей Михалков да жөөт. Түпкү улуту улуу орус эли болгон Россияда частушканы дээрлик эч ким ырдабай калды. Россияда орустарды улуттук тамырынан ажыратып, улут катары жок кылуу саясаты жүрүп жатат. Орустарды улут катары жок кылып жиберүү жөөттөрдүн бирден бир түпкү максаты экенин эч ким тана албайт. Михалкову да, Лужков да еврей. Россиянын башкаруу аппаратында иштегендердин 75% жөөттөр. Россиянын “Газпром” баштаган кирешелүү тармактарынын башында еврейлер турат. “Газпромдун” башында турган Миллер немис эмес, ал да еврей. 16-кылымда Украинада эл арасындагы бузукулук иштери үчүн жөөттөрдү бир жолу кырган. Гитлер дагы бир ирет кырды. Еврейлердин Эдуард Тополь деген жазуучусу бар. Ошол мындан 15 жыл мурда “Эй менин туугандарым, көзүңөрдү май басып көөп кеттиңер, көзүңөрдү ачкыла. Бузукулук иштериңерди токтоткула. Гитлер силерди кырганын унутуп калдыңарбы? Эми да бир Гитлер чыгат да, силерди жер менен жексен кылып кырат” деп эскерткен. Бул эскертүү “Огонек” деген журналга жарык көргөн. Тилекке каршы, жөөттөр ушунчалык көпсө керек, каталыгын мойнуна алган бир да еврей жок.

“Россия эмне үчүн оңолбой жатат” деген суроого жооп издеп жатып, Орустун улуу жазуучусу Солженицын “беда в том что нами правят люди которые не связывают свое будущее и будущих своих потомков с этой страной” деп жазган. Жөөттөр дүйнөнүн ар тарабында жүрө берет. Курсагы тойсо, кийими бүтүн болуп, чөнтөктө акчасы болсо болду. Аларга атамекендин кереги жок. Цыган, лөлү, жөөт үчөөнүн айырмасы жок. Цыган “колуңу бер, бал ачып берем” деп адамдын башын айлантып акчасын алат. Жөөттөр болсо, каерде акча болсо, ошерде. Банктарда, кирешелүү ишканаларда. Эптеп мурдун батырып алса болду, иштин бүткөнү дей бер. Бир еврей миң адамдын башын бат эле айлантып коет. Май талкан жерге барган жөөттү дүйнөнү тиги бурчунда туруп колдоп, коргоп алышат. Анан ал кирешелүү жерге жөргөмүштүн уясындай кылып, балээлерди башташат.

Эми кыргыздарга кайрылайын.

Кыргыздар!!! Жөөттөр жөөттөргө сөз тийгизген адамды алар кечиришпейт. Алар мага деле кастыгын тигип коюшат, ушул кайрылуумдан кийин.  Мен андан коркпойм. Жөөттөрдөн сак болуш керек. Алардан абайлагыла. 1917-жылы сопсоо жаткан Россияны талкалагандар жөөттөр болгон. Россия ал убакта өнүккөн мамлекет болчу. Европага сүт азыктарын сатчу. Эгин сатчу. Анан революция уюштурушту да, баягы гүлдөп өнүгүп жаткан мамлекетти бечара мамлекетке айлантты. Эгер, тарыхка кайрылсак, Сталинден башкасынын баарысы: Троцкий да, Бухарин да, Зиноньев да, Дзержинский да жөөт болгон. Бүгүн Сталинди бокочо көрсөтүп, калгандарын апакай көрсөтүп жатат. Бул адилеттик эмес. Булар соо жаткан Россияны тополоң кылды дагы, 1991-жылга чейин чалмакейди чалышты. Кийин дейди Хрущевди бийлик башына коюп коюшту да, өздөрү каалаганын жасашты.

Тарых да, мезгил да баарын өз ордуна коет. Жириновский болсо, өзүнө жана өзүнүн жеке менчик партиясына Жириновскийдир. Болгону кыргыздын ыйыгына тийбесин. Путиндин унчукпаган макулдугу менен Жириновскийдин “Ысык-Көлдү – Кыргызстандын карызы үчүн Россия Федерациясынын карамагына алабыз” дегени канды кайнатып туру. Сөздүн ачыгы бул. Жөөттөр кыргыз менен орус элинин ортосуна чок таштабай эле койсун. Биз аны көрүп, түшүнүп-билбегендей келесоо эмеспиз.

Эми жөөттөргө кайрылайын.

Эй, жөөттөр, кыргыздар Жер эмне экенин, Атажурт эмне экенин жакшы билет. Эгер, керек болсо, атажурттун бүтүндүгү үчүн жанын да, канын да берет. Демек, Жириновский жана ага окшогондор Ысык-Көлгө асылбай, жөн оокатын кылсын. Андайлардын тумшугун талкалап коюу ар бир кыргыздын колунан келет. Менин бул айтканым, кыргыздын ыйыгына тийбе, ачуусун козгобо деген эле кеп.

Кыргыздар!!! Биз Манастын элибиз. Эгер кимде ким биздин ыйыгыбызга тийсе, башыбызды канжыгага байлап, анын ким экенин көзүнө көрсөтүп коюуга кудуретибиз жетет. Кыргыз башкалардын алдында чөгөлөгөндөн мурда жер менен жексен болуп кеткени өйдө. Ємїр бою башкаларга тизелеп жашагыча, тике туруп, бир кїн жашап єлгєнїбїз артык.

Кыргыздар!!! Чайпалсак төгүлбөйбү, өлсөк бир чуңкурда бололу. Биз Манастын элибиз!!! Бизди ата-бабалардын арбагы колдосун!!!

Сазыкбай Турдумалиев

«Улутман» саясий партиясынын төрагасы,

Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин президенти,

Бүткүл дүйнөлүк «XXI кылым жана адеп-ахлактуулук» элитардык кулубунун

Борбордук Азия боюнча штаб-квартирасынын башчысы,

«Жашыл Азия» коомдук бирикмесинин төрагасы. 

 

 

Рубрика: аналитикалык макалалар | Оставить комментарий

Тоолор кулабайт

Орустун улуу акыны Пушкин дуэлден кайтыш болгондо, орустун дагы бир улуу акыны Лермонтов:

«Апаат болду ар-намыстын акыны,

Шыкакчылар, чагымчылар жеп тынды.

Ок менен кек кетти төшкө катылуу» – деп жазыптыр эле. Чынгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүн укканда, улуу акынга арналган ушул саптар өзүнөн өзү эле көмөкөйгө келди. Улут адабиятын дүйнөлүк адабияттын бийиктигине көтөргөн кара сөздүн улуу устаты Чынгыз Айтматовдун тагдыры да түшүнгөн адамга куду Пушкиндин тагдыры сыяктуу трагедиялуу аяктады. Айтматов да ар-намыстын, абийирдин акыны эле. Улуттук ар-намыс менен абийирдин акыны болчу. Улуу талантты, улуу адамды шыкакчылар менен чагымчылар жеп тынды. Ок менен кек улуу устаттын кєкїрєгїнє катылуу бойдон кетти.

Толугу менен

Рубрика: Чыгармачылыгым, Ырлар | Метки: , | Оставить комментарий

Привет, мир!

Добро пожаловать на сайт «Журналисты». Это ваша первая запись. Отредактируйте или удалите её, затем пишите!

Рубрика: аналитикалык макалалар | 1 комментарий