Тоолор кулабайт

Орустун улуу акыны Пушкин дуэлден кайтыш болгондо, орустун дагы бир улуу акыны Лермонтов:

«Апаат болду ар-намыстын акыны,

Шыкакчылар, чагымчылар жеп тынды.

Ок менен кек кетти төшкө катылуу» — деп жазыптыр эле. Чынгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүн укканда, улуу акынга арналган ушул саптар өзүнөн өзү эле көмөкөйгө келди. Улут адабиятын дүйнөлүк адабияттын бийиктигине көтөргөн кара сөздүн улуу устаты Чынгыз Айтматовдун тагдыры да түшүнгөн адамга куду Пушкиндин тагдыры сыяктуу трагедиялуу аяктады. Айтматов да ар-намыстын, абийирдин акыны эле. Улуттук ар-намыс менен абийирдин акыны болчу. Улуу талантты, улуу адамды шыкакчылар менен чагымчылар жеп тынды. Ок менен кек улуу устаттын кєкїрєгїнє катылуу бойдон кетти.

Айтматовдон айрылган кїн кылымга тете болуп, кыргыздын дагы бир залкарынан айрылганыбызга ар бирибиздин жүрөгүбүз ачышып турду. Өксүп турдук. Улуу жазуучунун жарык дүйнө менен кош айтышканына жүрөгү менен кайгырып, бут алдынан жер көчкөн адамдар менен катар, анын өлүмүн гана күтүп келгендей, кубанычтуу жылмайгандардын да элеси көз алдыман бир тартылып өтө берди.

…Апаат болду ар-намыстын акыны,

чагымчылар, шыкакчылар жеп тынды…

                                           *******

Адатта, ажал улук, өлүм ак деп коюшат. Эч ким талашпайт, баарыбыздын барар жайыбыз ошол. Эртеби-кечпи, баарыбыз ошол чын дүйнөнүн босогосун аттайбыз. Айтматов деле ошол баарыбыз барар дүйнөгө кетти. Бизди бүгүн соороткон нерсе ушу. Баарыбыз барар жай шол…

                                         ***********

Адам катары, «кыргызга кїйбєйт» деп, мен деле Чынгыз абама таарынган күндөр болду. Ал таарыныч баарыбыздын көкүрөккє бейпилдик бербеген таарыныч эле деўизчи… Арийне, Айтматовдун бул ааламдан өткөнүн укканда, эмнегедир ошол таарыныч эске түштү. Көрсө, ал таарыныч Чынгызды кудайыбыздай көрүп, ага кудайдай ишенгенден улам жаралган таарыныч экен. Адатта, биз адамдар кудайга деле таарынып, кудайга деле өктөбүздү айтып жатпайбызбы. Андай болгондо, биз, адамдардын Айтматовго болгон таарынычы ары мыйзамченемдүү, ары кечиримдүү.

Айтматов эле Акаевине, же Бакиевине элдин турмушу, адамдардын кайгылуу тагдыры тууралуу айтса эле, жашообуз оўолуп кете тургандан бетер, арман кылчубуз да. Айтматов неге унчукпайт деп. Капырай, биз адамдар, кудайын тааныбагандар, кудайды укпагандар Айтматовду тааныйт бекен, Айтматовду угар бекен деп ойлоп да койбоппуз да.

                                       ****************

Улуу адамдын сүйүүсү да, бактысы да, арманы да, кайгысы да улуу болот. Биз аны түшүнгүбүз келген жок. Ага каршы калемдештери да, бийлик өкүлдөрү да тарабынан кандай гана чагымчылык, чыккынчылык интригалар болгон жок. Ал анын баарын унчукпай көтөрдү. Жадагалса ким бирөөгө болгон таарынычын да айткан жок. Ал мына ушунусу менен, кечиримдїїлїктїн, сабырдуулуктун, айкөлдүктүн үлгүсүн көрсөтүп кетти. Айтматов адам катары улуу сүйүү, улуу арман менен жашап өттү.

                                     ***************

Айтматовдун дүйнөлүк кадыр-баркын, атамекендик жана чет өлкөлүк сыйлык, наамдарын, анын чыгармаларынын дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулганын, анын дайыма сый-урматтын үстүндө жүргөнүн көргөн адам — андан өткөн бактылуу эч ким жок болсо керек деп ойлойт. Албетте, дүйнөлүк адам болуу бардык эле адамдын маўдайына жазыла берген эмес. Ушул өўүттөн алганда, ал бактылуу адам. Ошол эле учурда, Айтматовдон өткөн трагедиясы чоў адам жок. Анын армандуу эле балалыгын карагылачы. Тогуз жашында атасынан ажыраган Чынгыз өзүнүн бүткүл өмүрүндө күтүү менен жашады. Атасын күттү.

                                          ************

Айтматов арман деп эмнени айтса болор экен? Анын жанында чагымчылардын, алдамчылардын, чыккынчылардын жүргөнү кадыресе эле нерсе болчу. Бул анын билбестиги эмес. Бул анын карапайымдыгы, адамдардын баарын єзїндєй кабыл алган кенендиги. Анын жанында майда-барат адамдар да көп жүрдү. Бул анын тайыздыгы эмес. Бул анын бийиктиги. Улуулугу.

                                            *************

Айтматов арман деген эмне? Бүтүндөй өмүрүндө өзүнүн ааламын издеген адамда, өзүнүн кудайын издеген адамда арман болушу мүмкүнбү?

                                          *******************

Айтматов атамекенин, элин, анан да жер планетасын, адам баласын чын жүрөгү менен сүйгөн адам эле. Ал ошондой бүркүт чабыт менен жашап өттү.

                                          *****************

Бул ыр Чынгыз абанын жаркын элесине арналат:

Көчмөн элдин жашоосун элестетүү мүмкүн эмес тоолорсуз,

Талааларсыз элестетүү мүмкүн эмес көчмөндөрдүн тагдырын —

Бул жупуну элдин дүйнө таанымы да, нарк-насили, кадаасы

Улуу тоолор, талаалардан башталат.

Мен тирүүлүк жөнүндө ойлогондо —

Тоолор биздин тагдырыбыз, дүйнө тааным, жашообуз экенине ынанам.

Биз тоолордо, тоолор менен курчалган талааларда жашайбыз.

Дарыялар да мына ушу ак мөўгүлүү улуу тоодон баштайт узак жашоосун,

Көлдөр жана деўиздер, океандар дайралардан куралат.

Жашоо антип нугу менен жай агып, күн чыгат да, күн батат.

Жаз, жай, күз, кыш гана эмес, кылым, доорлор алмашат.

Дарыялар соолот бир күн, көлдөр чөлгө айланат, тоолор кулап

адам эмес, бүтүндөй бир улуттар жер үстүнөн дайыны жок кетишет.

Калааларды жер менен жер талкалашат, өрттөшүп, из калтырбай…

Курсактагы баланы да жарып алып мууздашат.

Акыл-эсти өчүрүп, а жүрөктү өлтүрүүгө жандалбасташып, шашышат.

Мен адамдан өткөн айкөлдү да, канкорду да көрбөгөм.

Бир күнү бетин көрсөтүп, бир күнү көтүн көрсөткөн,

Бар экен да, жок экен да деп башталган жомок сыўар бул дүйнө.

Жаўылышат тоолор кулайт дегендер,

Улуу тоолор эч убакта кулабайт, талааларды тегиздеген акмактарды көрбөпмүн.

Акыл-эсти мүмкүн эмес өчүрүүгө деп ойлойм.

Запись опубликована в рубрике Чыгармачылыгым, Ырлар с метками , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *